27.09.2018 12:42

Москва полициясы «кызды зордуктаган» деген шек менен кыргыз жаранын издөөдө

Москва полициясы «кызды зордуктаган» деген шек менен кыргыз жаранын издөөдө

Москва полициясы «кызды зордуктаган» деген шек менен кыргыз жаранын издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Тартип сакчылар окуя болгон жерден табылган документтерден улам, болжолдуу шектүүнүн өздүгүн аныкташты.

Кылмыш Тимирязев районунун аймагында 24-сентябрга караган түнү орун алган. Полицияга соода борборлорунун биринде сатуучу болуп иштеген 21 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, жумуштан чыгып «Петровско-Разумовская» метросу тарапка кетип баратканда азиат улутундагы адам  узатып коюуну сунуштаган.

«Жарым жолдон ал жабырлануучуга күч колдонуп зордуктап, анын iPhone 6 үлгүсүндөгү телефонун, сөйкө, шакек жана браслетин алып, изин жашырып кеткен. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери сыранын идиштерин, жабырлануучунун ич кийимин, «Уинстон Черчилл. Политик на все времена» китебин жана ичинде 29 жаштагы кыргыз жаранына таандык паспорт, документтер бар капчыкты таап алышкан. Учурда документтин ээси кылмышка шектүү катары эсептелип, ага издөө жарыяланды», - деп жазылат маалыматта.